Байланыш каналы

Википедия дан

Байланыш каналы - берүү каналы ар кандай кабарды бергичтен кабыл алгычка жеткирүүчү техникалык түзүлмөсү бар байланыш аба линиясы. Техникалык түзүлмөлөр (күчөткүч, код түзүүчү түзүлмө ж. б.) байланыш аба линиясынын ортоңку жана акыркы пункттарына орнотулат. Кабар берүүчү линия катары асма жана кабель зымдары, радио, радиотеле жана толкун өткөргүчтөр пайдаланьшат. Бергич, байланыш каналы, кабыл алгычтар биригип, байланыш системасын түзөт. Байланыш каналынын телефон, үн сигналын берүү, телекөрсөтүү, факсимиле, фототелеграф, телеграф каналы деген түрлөрү бар. Телефон каналы үн жыштыгынын 300-3400 Гц диапазонунда 2-100 иштеп, ар бир канал өзгөртүүчү түзүлмөлөрдүн (генератор жана модулятор) жардамы менен 12, 60, 300 каналдуу топторго бөлүнөт. Бир тараптуу байланыш түзүүчү каналдар симплекс, эки тараптуусу дуплекс канал деп аталат. Байланыш канал менен электр, акустикалык, логикалык сигналдар таратылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4