Байматов Абдылда Мейманович

Википедия дан

Байматов Абдылда Мейманович (26.1.1953, Жаңы-Базар айылы - 2000) - коомдук ишмер.

Фрунзе политехникалык институтун бүткөн.

  • 1976-80-жылдары Ош шаардык комсомол комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инспектору, бөлүм башчысы,
  • 1980-81-жылдары Ош автотрест ишканасынын бөлүм башчысы, 82-жылдары Чаткал районундагы автобазанын бөлүм башчысы,
  • 1982-83-жылдары Чаткал машина-мал чарба станциясынын башкы инженери,
  • 1983-92-жылдары Коммунисттик партиянын Чаткал райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, башчысы,
  • 1992-95-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысыньгн 1-орун басары,
  • 1995-2000-жылдары Эл депутаттарынын Чаткал райондук кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
  • Райондук, облустук кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Өзүнүн үзүрлүү эмгеги үчүн комсомолдун облустук, борбордук комитетинин, Коммунисттик партиянын облустук, райондук комитеттеринин «Ардак грамотасы» менен сыйланган. Райондун аймагындагы демократиялык кыймылдын жетекчилеринин бири. Каныш-Кыя айылында көчөгө аты коюлган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6