Байсеитова Куляш

Википедия дан

Байсеитова Куляш - (өз аты Гүлбахрам) Жасын кызы (19. 4 (2.5). 1912, Верный (азыркы Алматы шаары) — 6. 6. 1957, Москва; сөөгү Алматыга коюлган) казак ырчысы (лирика-колоратуралык сопрано); казактын опера өнөрүнө негиз салгандардын бири. СССР эл артисти (1936). Байсеитова ырчылык ишин көркөм чыглык ийриминен баштаган. 1934-жылдан музыкалык театрдын, 1937-жылдан Казак (азыркы Абай атындагы) опера жана балет театрынын солисти болгон. Е. Брусиловскийдин «Кыз Жибек», «Эр Таргын», М. Түлебаевдин «Биржаи менен Сара» (СССР мамлекеттик сыйлыгын, 1949) ж. б. көптөгөн опералардагы башкы партиялардын эң алгачкы аткаруучусу. Орус жана Батыш Европа классиктеринин операларын казак улуттук театр сахнасына чыгарууда зор эмгек сиңирген. Байсеитованын репертуарында: Татьяна (Чайковский, «Евгений Онегин»), Чио-чио-сан (Ж. Пуччини, «Чио-чио-сан», СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948) ж. б. Ал ырчы катары өз алдынча концерттерди берген. Казак ССР Жогорку Советинин (1—2шайл.) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4