Байсу

Википедия дан

Байсу - саруу уруусунун курамындагы урук. Этностук аталыш катары 7-8-кк. даректүү тарыхый булактарда эскерилет. Кытай жыл баяндары (648-ж.) байсилер (байсу) - теле урууларынын бири экендигин чагылдырат. Тан династиясынын жыл баяны «Тан шу» берген маалыматтарга караганда байсилер (байсу) азыркы Эдзин- Голго жамаатташ аймактарды байырлашкан. Кыргыз жана теле урууларынын этностук алакалары 7-8 кк. чейин эле жүргөн десе болот. Кыргыздар жуан-жуандардын (айрым маалыматтарда хуннулар) кысымы астында азыркы Монголиянын аймагынан Минусин ойдуңуна журт которгонго чейин эле (5-6-кк.) теле уруулары менен этностук-маданий, соода алакаларында болуп турушкан. С.М.Абрамзон байыркы телелердеги «пу-гу», «бай-си» урууларынын энчилүү аттарын бүгүнкү кыргыздардагы бугу, байсу (саруу) этностук аталыштары менен жалпылыкта карайт. Изилдөөчүлөр Крым жарым аралында да Байсу этнотопоними бар экендигин аныкташкан. Байсу этнокомпоненти кыргыздардын этностук курамында бери болгондо 6-7-кк. белгилүү десе болот. Мындан сырткары, байыркы телес (теле) урууларынан кыргыздардын курамына төөлөс/ дөөлөс, төлөк.телек ж.б. этнокомпоненттер кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]