Байтаков Бектур Канбалович

Википедия дан

Байтаков Бектур Канбалович (28.9.1946-ж.т., Бишкек) - коомдук ишмер. Фрунзе политехникалык институтун бүткөн (1974).

1982-98-жылдары Чаткал геологиялык экспедициясынын башкы инженери, начальниги, 1998-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы соода өкүлү, 2001-жылдан “Банада” ЖЧКсынын директору. “Кара-Корум 2” волостонит кенин чалгындоо жана изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Облустук, райондук грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6