Байтөлөн кызы Дүйшөн

Википедия дан

Байтөлөн кызы Дүйшөн Жырдакчы. 1919-ж. Кант районундагы Төмөнкү-Нооруз айылында төрөлгөн.

Өмүр бою кызылчада эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутаттыкка шайланган, Ленин ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Уз кайын энеси Канымбүбү Сооронбек кызынын нускасын алган. Анын шырдактарында жалпы оюмда берилген үч табакчанын ар биринде төрт «кочкор мүйүздүн» ичинен төрт «кочкор мүйүз оюму» чыгып, алардын жарымы «тумарчаланып» колтук оюм болуп түшөт. «Аламычы» ак-карадан «мүйүз оюмунан» болот. Шырдактын жээк оюму (четтик оюму) «кочкор мүйүз оюмунун» үстүнөн «карга тырмак оюму» чыгып, кара-кызыл өң айкалышса, милтеси (басыткы) жашылдан басылып, оюм чети «сыңар мүйүз» болуп көрүнөт. Же буюмдун ортолук оюмуна «кочкор мүйүз оюмунун» үстүнөн адаттагыдай «карга тырмак оюму» көрүнүп, негизи жашыл-сары, көк-кызыл өңдөр беттешсе, милтесин кызылдан жүргүзүү жарашык ыйгарат. Ага ак-карадан бычак учу берилет. Шырдактарына шырык түшүрөт. Анын колунан элүүдөй шырдак сепке даярдалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0