Байыркы түрк маданияты
Байыркы түрк адабияты- орток рухий байлыгыбыз
... Кашкарлык Махмуддун “ Түрк диалектилеринин сөздүгү “ 1072-1076-жылдардын аралыгында түзүлүп , “түрктөрдүн, түркмен огуз, чигил, ягма жана кыргыздардын лексикасын” чагылдырган 7500 сөз - терминди өзүнө камтып турат. Академик А.Канановдун берген баасына караганда , сөздүктүн илимий, таанып-билүүчүлүк мааниси өтө чоң: “ Жалпылап айтканда , азыркы учурда сөздүк 11-кылымдагы түрктөрдүн турмушунан маалымат бере турган жалгыз булак болуп саналат , алардын материалдык маданиятынын предметтери, турмуш-тиричилик реалийлери (кийим, бут кийим, баш кийим, турак жайы, үй буйумдары, инструменттери, короо-жайы, кездемелер, зергер буюмдары, курал-жарак , ат жабдыктары, айыл чарба шаймандары, музыкалык инструменттери ж.б.) этнонимдери жөнүндө, тууганчылык жана жакындык терминдери жөнүндө , өсүмдүктөр жана дары чөптөр жөнүндө, айлардын, күндөрдүн аталышы жөнүндө, географиялык терминдер, жөнүндө оорулардын жана дарылардын аталышы жөнүндө, аскердик, спорттук жана административдик терминология, ар кыл тарыхый жана мифологиялык баатырлардын аттары жөнүндө , тамашалуу оюндар жана балдардын оюндары жөнүндө ж.б.” Ошону менен бирге сөздүктө башка түрк уруулары менен катар бир канча жолу кыргыздардын аты да аталганын белгилей кетүү керек. Эмгектин контексине ылайык сөздүктө 291 макал-лакап жана ар кандай мазмундагы ырлардан 300 үзүндү жана төрт саптар келтирилген. Балким , айрым ырлардын тексттеринин теги фолъклорго эмес, жазма адабий булактарга барып такалат. ...
Кашкарлык Махмуддун “Түрк диалектилеринин сөздүгү” жана Жусуп баласагындын “Кутадгу билиг” поэмасынын поэтикалык тексттери И.В.Стеблеванын эмгектеринде талдоого алынган. Анда мындай жыйынтыкка келет: “Кутадгу билиг” поэмасыын адабий чыгарма катары кароого болот. Ал эми “Дивани лугат ат-түрк” көп учурда лингвистикалык жана
тарыхый –этнографиялык булак. а) Кашкарлык Махмуддун “Дивани лугат ат-түрк” сөздүгү түрк фолъклорун , ошондой эле адабияттын үлгүлөрүн өзүнө кармап турат: б) Тексттердеин теги исламга чейинки мезгилден чыгат. Бирок, мусулманчылыктын белгилерин да алып жүрөт”.
Сөздүктө келтирилген макал-лакаптар, учкул сөздөр жана нускоо сөздөр, бир жагынан фолъклордон, экинчи жагынан , жазма булактардан келип чыккан. Ошону менен бирге айрым нускоолордо коомдун тапка бөлүнүшү, феодалдык мамилелердин орношунан улам пайда болгон жаңы көз караш байкалат. “Сөздүктүн” поэтикалык үзүндүлөрүндө пейзаждын пайда болушун , (“Жай менен кыштын кайым айтышы”) мусулман дининин , араб-парсы поэзиясынын мотивдеринин пайда болушун өзгөчө белгилей кетүүгө болот. Улам-улам кудайга жалынуу, адамды нравалык жетилүүгө чакыруу “ Дивани лугат ат-түрк” ырларына жана сентенцияларына мүнөздүү белгилер. “Дивани лугат ат-түрктө” бизге тааныш, чыгыштын сүйүү лирикасынын үлгүлөрү көп орун алган. Ушунун баары бизге сүйүү деп акылынан айныган Мажнунду же О.Хаям менен Хафиздин лирикалык каарманын эске салат. Акырында бир маанилүү моментти белгилебей кетүүгө болбйт. “Дивани лугат ат-түрк” поэтикалык тексттеринде жалаң эле дүйнөнү мусулмандык кабыл алуу эмес, андан да терең кетип , Жусуп Баласагындын “Кутадгу билигинин” философиялык контексине чыйыр салган.
Кашкарлык Махмуддун “Дивани лугат ат-түрк “ сөздүгү - эле лингвистикалык эмгек эмес, баарынан мурда, илимий комплекстүү, анын ичинде философиялык – эстетикалык, адабий теориялык мамилени талап кылган энциклопедия.