Байытуу

Википедия дан

Байытуу - туут жакындаганда саанды токтотуу. Тубар мал, негизинен саан уй түрүнө, асылдыгына, жашына, физиологиялык айрым өзгөчөлүктөрүнө жараша саалбай калат. Жакшы төл, көп сүт алуу үчүн малды өз убагында байытуу зарыл. Анткени байыган малдын организми туутка чейин чыңалып, тууту жеңил өтөт. Кунарсыз малдын сүтү эрте тартылат. Саан уй сүттүүлүгүнө жана жашына жараша тууруна 45-60 күн калганда байытылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]