Бай төбөт

Википедия дан

Бай төбөт - кытай уруусунун курамындагы урук. «Төбөт» - сөзүнүн маанисине түрк тилдеринде этимологиялык так аныктама бериле элек. Айрым изилдөөчүлөр бул этностук аталышты «иттин дөбөтү», «карышкырдын дөбөтү» маанисинде чечмелеп жүрүшөт. Этноним алгач «түбүт» формасында Макмуд Кашгаринин «Сөздүгүндө» (11-к.) эскерилет. Автор: «...түбүттөр» - түрк тилинде сүйлөгөн бир уруу. Чыгыш тарабынан Чин (Кытай), түштүктө Хинд (Индия океаны) деңизи, батышта Кашмир, түндүгүндө уйгурлардын ээликтери менен чектешет. Түбүттөрдө араб тилинин таасири күчтүү, энелерин «ума», аталарын «аба» деп аташат», - деп жазат.«Манас» эпосунда Тибет (Тебит) - топоним, кыргыздарга чектеш, карым-катнашы бар элдин жери катары бир катар эпи- зоддордо эскерилет. Жогорудагы маалыматтарга көңүл бурсак, орто кылымдардагы кыргыздар жөнүндө айрым маалымат, кабар берилгенсийт. Айрым далилдүү фактылар, фольклордун, жер-суу аттарындагы ж. б. маалыматтар кыргыздардын Тибет, Кашмирге чейинки өтө кенен аймактарды байырлашкандыктарын тастыктайт. Буга ушул аймакты чукул мекендеп келишкен сары уйгурлар жана лобнорлуктардын кыргыздар менен этностук терең жакындыктары да далил боло алаары ырас. Бул маалыматтарды тарыхчы Б.Солтоноевдин жазгандары да бышыктай алат:«...1916-ж. Кытайга барган соодагер кашкарлыктын айтуусунда: «Тибетте эң азында 30- 40 миң түтүн кыргыз бар. Тили бузулбаган, таза, араб сөздү катыштырбаган, дини калмакча (буддизм), мусулманча бата кылбастан, өзүнчө бата кылат». Келтирилген маалыматтар төбөт (бай төбөт) этнониминин келип чыгышында аталган аймактын этностук жана табигый таасирин чагылдырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]