Бакалоор буттуулар

Википедия дан
Triops longicaudatus.

Бакалоор буттуулар (лат. Branchiopoda) – өтө жөнөкөй түзүлүштөгү рак сымалдар классчасы. Кембрий мезгилинен бери белгилүү. Башы көкүрөк сегменттери менен бирикпейт. Фасеттүү көзү бар. Жалбыракка окшош буттары сүзүүгө, дем алууга жана азыктанууга жардам берет. 740ка жакын түрү бар. Көбүнчө тузсуз сууларда кезигет. Деңизде сейрек учурайт. Бакалоор буттуулар жана жалбырак буттуулар деген 2 түркүмгө ажыратылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4