Бакенеев Дөөлөтша

Википедия дан

Бакенеев Дөөлөтша Өрүмчү. 1936-ж. Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында төрөлгөн.

Колхоздо, райондук айыл чарба башкармасында багбан болуп иштеген. Өрүмчүлүктө Каратаев Орозбектен таалим алган. Эски өрүмдөрдүн ар кандай түрлөрүн жандырып, аларды кайрадан өрүп, өз алдынча да көптү үйрөнгөн. Дөөлөтша - ат жабдыктарынын чебери. Бул чеберчилик камчы өрүүдө бөтөнчө билинүүдө. Дөөлөтша камчы өрүмдөрүнүн мерчемдүүсү «суйсалма өрүмгө» 12 тал көк тилет. Буга музоонун терисин жыдытат. Мында ар бир талды бирден алып, бир капталында алты көктү үчтөн бөлөт. Анын түшкүнүнө барганда башка көгүн басууну токтотуп, узун эки көктүн эки капталына экиден төрт көктү өткөзөт. Мунун бир капталын «жылан боор өрүм» кылып өрүш үчүн чебер үч көктү бир басып, калган бир капталындагы үч көктү бирден алат. Ал эми жалаң «терме өрүм» кылыш үчүн көктү экиге бөлүп, эки капталындагысынын ар бирин басат. Мында түшкүнүн бекитүү бирдей болот. Дөөлөтша камчы өрүмдүн бир эле түшкүнүнө 12 тал көк аркылуу «жылан боор өрүмүн», «терме өрүмүн», «суйсалма өрүмүн» суктанаарлык кылып бере алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0