Бакин Евгений Иванович

Википедия дан

Бакин Евгений Иванович - (1910-ж. туулган) физиолог, медицина илимдеринин доктору (1949), профессор (1951). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1961). 1927-жана Саратов университетинин медицина факультетин бүтүргөн. 1927-31-ж. Жумгал районундагы оорукананын башкы врачы, Ленинграддагы 1-медициналык институттун Нормалдуу физиология кафедрасынын аспиранты (1931-34), ошол эле жердеги Борбор рентген-радиология институтунун илимий, улук илимий. кызматкери (1934-53). КММИнин нормалдуу физиология кафедрасынын башчысы (195374). Саламаттык сактоонун отличниги (1950). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4