Бакирова Афина

Википедия дан

Бакирова Афина – акын. Ош шаарында 1980-жылы 3-декабрда туулган. 1987-жылы Токтогул районунун Камыш-Башы мектеп-гимназиясына 1-класска барып, 1995–1997-жж. Бишкек шаарындагы улуттук-компьютердик гимназиядан билим алган. 2005-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм-өнөр институтунун Театр жана кино факультетин бүтүргөн.

2004-жылы «Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрүп, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты, «Алыкулдун ак боз ат» фестивалынын 2-даражадагы лауреаты болгон.

2004-жылы «Кыргыз руху», 2009-жылы «Ачык саясат», 2009–2010-жж. «Айат-пресс» гезитинде кабарчы болуп иштеп келет.

2009-жылдан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2004. – 137 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]