Бактыбай мөңгүсү

Википедия дан

Бактыбай мөңгүсүКыргыз Алатоосунун түндүк капталындагы татаал төр-өрөөтибиндеги мөңгү. Уз. 2,7 км, аянты 3,0 км2.

Аспаранын оң куймасы Бактыбай суусунун төрүндө жайгашкан. Жалпы экспозициясы түндүккө багытталган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4310 м, этеги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт.3860 м. Абляция облусунун аянты 2,5 км2. Б. м. чакан өрөөндүн төрүндөгү цирктен башталып, «тилдери» өрөөндүн таманына чейин жетет. «Тилинин» 30 м дейин морена жаап жатат. Мөңгүдөн Бактыбай суусу башталып, Аспарага оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2