Бактыгулов Сталбек

Википедия дан

Бактыгулов Сталбек - жазуучу, журналист, композитор. Чүй районунун Кегети айылында 1954-жылдын 7-октябрында туулган. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2001), "Даңк" медалынын ээси (2008), профессор (2010), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2020).

1976–1981-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун композитордук факультетинен билим алып, 1979-жылдан В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) эмгек жолун баштаган.

1968-жылдан баштап ырлары, аңгемелери, этюддары, макалалары райондук жана республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштаган. Өз алдынча мандолинде ойногонго үйрөнүп, музыка жазууга аракеттенип жүргөн. Мектептин өздүк-көркөм чыгармачылыгына катышып, адабий чыгармалары менен бирге концерттик номерлер менен эл алдына чыгып турган.

1972-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын плектр классында бир жыл окуп, теориялык бөлүмгө которулган. Ошол мезгилде фантаст жазуучу жана акын Беганас Сартов жетектеген «Тоо жылдыздары» адабий ийримине активдүү катышып, чыгармалары альманахтарда, гезит-журналдарда жана радио-телекөрсөтүүдө жарык көрүп турган.

1994-жылдан Эл аралык Айтматов академиясынын академиги жана И.Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университеттин доценти, 2010-жылдан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин профессору болгон.

1996-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги”, 2001-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы, 2004-жылы Эл аралык Айтматов сыйлыгы ыйгарылган.

2008-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси жана “Даңк” медалы менен сыйланган.

1984-жылдан СССР Композиторлор союзунун, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун, 1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун, 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүр жана көз ирмем: Новеллалар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 48 б.

Ант: Повесть жана новеллалар. – Ф.: Мектеп, 1981. – 124 б.

Полонез: Новелла. К-те: Учкун. Альманах. 4-чыг. – Ф.: Мектеп, 1975. 158–164-б.

Өмүр жана көз ирмем: Новелла. К-те: Учкун. Альманах. 5-чыг. – Ф.: Мектеп, 1976. 154–161-б.

Менин жаркын адамым: Новелла. К-те: Учкун. Альманах. 7-чыг. – Ф.: Мектеп, 1979. 86–95-б.

Эненин жашы: Аңгеме. К-те: Тоо булагы. (Жаш жазуучулардын аңгемелери). 3-чыг. – Ф.: Кыргызстан, 1982. 37–47-б.

Өч: Аңгеме. К-те: Тоо булагы. (Жаш жазуучулардын аңгемелери). 6-чыг. – Ф.: Кыргызстан, 1986, 17–36-б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]