Бакчиев Талантаалы

Википедия дан

Бакчиев Талантаалы - манасчы, илимпоз. Ак-Суу районунун Маман айылында 1971-жылы 2-декабрда туулган.

1991–1992-жж. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы фольклордук студиядан окуп, 1992–1995-жж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Кыргыз филология факультетинен экстерн түрүндө окуп, артыкчылык диплому менен аяктаган.

2000-жылы чыккан «Саамалык» ырлар жыйнагынын 1-китебине Т.Бакчиевдин айтуусундагы «Манас» эпосунун «Манастын ашы» аттуу окуясынан үзүндү, 2004-жылы «КАФ, АУК, АУЦА – биздин үйүбүз» аттуу көркөм чыгармалар жыйнагында «Каныкейдин кошогу» аттуу окуясынан үзүндү жарык көргөн.

Анын манасчылык өнөрү тууралуу Г.Айтпаеванын Г.Байсабаеванын, С.Бегалиевдин, К.Дүйшалиевдин, голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейденин, Ш.Шакитовдун, А.Эгембердиеванын илимий эмгектери кыргыз, орус, англис тилдеринде жарык көргөн.

1998-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ПРООНдун «Устат-шакирт» аттуу долбоорунун алкагында, жаш манасчылар Алмаз Эгембердиев менен Улан Төлөгөновду тарбиялаган.

2004-жылы «А.Жакыпбектин адабият менен фольклордун кесилишиндеги чыгармачылык изденүүсү» аттуу темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

Т.Бакчиевдин манасчылык өнөрдүн келип чыгышы, калыптанышы, анын негизги озуйпалары, азыркы коомдогу ээлеген орду сыяктуу маселелерди козголгон жыйырмадан ашуун илимий макалалары жарык көргөн.

“Манас-мурас” коомдук фондунун мүчөсү, “Манас” банкынын стипендианты.

2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алмамбеттин жомогу. – Каракол, 1995. – 116 б.

Манастааным. Жомокчунун жолу. – Б., 2003. – 123 б.

Ашымдын көөнөрбөс мурасы. – Б., 2006. – 111 б.

Шаабай. – Б., 2006. – 71 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Священный зов. Мнемоническое творчество жомокчу. – Б., 2005. – 114 б.

Введение в Манасоведение. – Б., 2008. – 104 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]