Балага ат коюу

Википедия дан

Балага ат коюу - бала төрөлгөндөн кийин аткарыла турган жооптуу иш-чаралардын бири. Балдарга ысымды аксакал киши же өз атасы койгон. 20-к. башына тиешелүү мындай тарыхый бир маалымат жазылып калган. Союш союлуп, үйгө коноктор чакырылат. Коноктор тамак жеп бүткөндөн кийин, атайын калтырылган жото жиликти жана баланы төрдө отурган аксакалга алып келишет. Аксакал жиликтин этин туурап, отургандарга ооз тийгизет жана балага ат коёт. Кыргыздар балдардын атын жакшы тилек менен байланыштырууга аракет кылышкан. Балага коюлган ат анын келечектеги турмушуна таасир берерине ишенишкен. Балдары токтобогон үй-бүлөлөрдө айбанаттардын, канаттуулардын аттары же Токтобай, Турат, Бекбол сыяктуу ысымдарды коюшкан. Жалаң кыздар төрөлө берген үй-бүлөдө кийинкиси уул болот деген ишенимде кыздарга Жаңыл, Бурул деген сыяктуу аттар коюлат. Көп балалуу үй-бүлөлөрдө балага коюлган ат аркылуу төрөтүүнү токтотууга болот деген ишеничте Кенже, Болдукан сыяктуу аттарды беришкен ж.б.

Ислам динине тартылгандан баштап балага ат коёрдо кулагына азан чакыруу салты тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]