Баланс методу

Википедия дан

Баланс методу (анализде) - чарбалык иштеги өз ара байланышы бар көрсөткүчтөрдү салыштыруу.

Бул ыкма менен тийиштүү көрсөткүчтөрдүн бири бирине таасир тийгизиши аныкталып, өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу резерви белгиленет. Баланс методу колдонгондо салыштырылуучу көрсөткүчтөр ар кандай математикалык жол менен эсептелип, анын натыйжасында алынган бардык жыйынтык бири бирине барабар келүүгө тийиш. Бул методдун жардамы менен алынган жыйынтыктардын бири бирине шайкеш келиши анализде өз ара байланыштуу бардык фактор эсепке алынгандыгын, алардын ортосундагы байланыш туура чагылдырылгандыгын көрсөтөт. Мис, сатылган продукциянын көлөмү өткөн жылга караганда кандайча жана эмне себептен өзгөргөндүгүн аныктоо үчүн чыгарылган, сатылган жана сатылбай калган продукциянын ортосундагы байланыш пайдаланылат. Бул ыкма көп учурда өндүрүш ресурстары кандай пайдаланылып жаткандыгын, эл чарбасынын финансылык абалын анализдөө үчүн кеңири колдонулат. Баланс методунун жардамы менен бухгалтер баланстын статьяларын бир нече майда баланска бөлүп жиберүүгө болот.

Мис, нормалануучу айланма каражаттардын балансы, дебитор жана кредиторлор менен эсептешүү балансы ж. б. Акырында чарбанын финансылык абалын билүү үчүн бир нече майда баланстын негизинде жалпы таблица түзүлөт. Бул таблицанын оң жагында плансыз алынган каражаттардын суммасы, сол жагында ушул каражаттардын ар кайсы багытта пайдаланылып жаткан суммасы көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.