Баланын психикасынын өөрчүшү

Википедия дан

Баланын психикасынын өөрчүшү — түрдүү тукум куугучтук, биологиялык социалдык (тарбиялоо, окутуу, айлана чөйрө) факторлордун таасири астында психика ишинин өсүп, татаалданышы. "Баланын психикасы өмүр бою өсүүдө болот. Жаш өзгөчөлүгүнө карата баланын анатомиялык-физиологиялык, психикалык өзгөчөлүгү түрдүүчө болот. Улам бала чоңойгон сайын анын кыймыл-аракети татаалданып, акырындап акылы, ойлоосу, айлана-чөйрөгө болгон мамилеси өзгөрөт. Бала психикасынын өөрчүш көбүнчө алар тарбияланган шартка жараша болот. Эгер анын кыймыл-аракетин жана тилин өстүрүүгө түрткү берүүчү шарт түзүлбөсө, кеч басып, тили кеч чыгат. Психиканын өөрчүшү 4 мезгилге бөлүнөт. Биринчи мезгилде (төрөлгөндөн бир жашка чейин) балдардын кыймыл-аракеттери өөрчүйт.

Жаңы төрөлгөн балдар башын токтото албайт, колу-буту менен иретсиз аракеттерди жасайт, денесинин калыбын өзү өзгөртө албайт. Алгачкы күндөрдө суукту жана ысыкты сезет, ачка болуп, суу болуп калса тынчсызданып, ыйлайт.

1 — 2 айлык балдар жарыкты, ачык түстүү нерселерди аз убакыт тиктеп карап, башын токтотуп, күлүшө баштайт. Эки айлыгында бала көмкөрөсүнөн жатып, башын көтөрөт, чалкасынан жатканда кыймылдаган нерсени көздөй ээрчий башын бурат. 2—3 айында баланын эмоциясы шарттуу рефлекстик мүнөздө (энесин, сүт куюлган бөтөлкөнү көргөндө) болот. Аны менен ойногондо, сүйлөгөндө бала күлүп, жооп кайтарып, үн кошот. Үч айлык бала дабышты карай башын бурат, көмкөрөсүнөн жатканда ал чыканактап таянып, башын, көкүрөгүн көтөрөт. 4 айлыгында жөлөгөндө отурууга жарайт; көмкөрөсүнөн чалкасына оодарылат, буюмдарды колуна алып, ойноп, кубанычын, кейишин билгизет, көмөкөй дабыштары чыга баштайт. Бала беш айлыгында бир нерсени кармап, өзү отурат, эгер аны сүйөсө бутун ийбестен тикесинен тура алат; энесин тааныйт, ар түрдүү буюмдарды, оюнчуктарды колуна алат. 6—7 айында кубануу (оюнчукту көргөндө), кызгануу (башка баланы алганда) сезими пайда болот. Сүт куюлган бутылканы өзү оозуна алып барат, кроватты кармап тизелеп туруп, энесин, башка жакындарын тааныйт, аларды көздөй талпынат. 8 айлыгында бала өзүнчө отурат жана бир нерсени кармап турат, атын атаган буюмдарды ал көзү менен издейт. Бала 9—10 айында чыгырыкты кармап басат, өзүнчө сүйөнбөстөн каз-каз турат, биринчи жөнөкөй сөздөрдү айтат, буюмдардын атын муунга бөлүп атайт; ачууланган үн менен эркелеткен үндү ажыратат. 11 —12 айында балдардын көпчүлүгү баса баштайт.

Экинчи мезгилде (1—3 жаштагы балдар) кыймыл-аракети татаалданып, түрдүү сезимдери өөрчүйт. Бала «оюнчукту ал», «эшикти жап», «бери кел» деген сыяктуу жөнөкөй тапшырмаларды аткара баштайт. Бир жарым жаш айында баланын кыймыл аракети так жана шамдагай болот, жүгүрөт, тепкичтерге чыгат, балдар менен ойнойт, эки-үч сөздөн куралган сүйлөмдөрдү сүйлөйт. Экиден үч жашка чейинки балдар кичирээк ыр жаттоого жарайт, сүрөттөгү буюмдарды тааныйт, айланасындагыларды билгиси келет, түрдүү суроолорду бере баштайт. Ушул мезгилден баланын мүнөзүнүн кээ бир белгилери байкалат, анткени балдардын психикалык өнүгүүсүнүн негизи пайда болот. 2—3 жашында эстетикалык сезимдин алгачкы белгилери байкалат, айлана чөйрө менен болгон мамилеси татаалданат.

Үчүнчү мезгили (3—12 жашка чейин) балдардын нерв системасынын туруксуздугу менен мүнөздөлөт. Мурда пайда болгон эмоциялар тереңдеп, туруктуу боло баштайт. Камкордук, достук сезими пайда болот. Ошону менен бирге акыл-эси, кыймыл-аракети татаалданып, эрктүүлүк, ойлонуусу өнүгөт. Ой жүгүртүүсү, түшүнүгү татаалданат.

Төртүнчү мезгил (12 жаштан жогору) балдардын акыл-эсинин, түшүнүгүнүн, ой жүгүртүүсүнүн андан ары татаалданып өсүшү менен мүнөздөлөт. 2—3,5 жашта жана 12—15 жаштагы балдардын психикалык өөрчүшүндө айырмачылыктар болот, алар өзүнүн психикалык жактан өсүшүнүн туруксуздугу менен айырмаланып, айрым психикалык оорулар менен көп ооруйт. Ошондуктан бул мезгилде балдарга бөтөнчө этият мамиле жасоо керек. Жетишсиз тарбиянын натыйжасында жана анын нормалдуу өсүшүнө шарттын жоктугунан дени соо баланын психикалык өөрчүшүнүн начарлашы, кыймылдын жетишсиздиги, тилдин кеч чыгышы байкалат. Баланы тарбиялоодо негизинен адамды, жаратылышты сүйө билүүгө, кең пейил болууга үйрөтүү зарыл. Күн тартибин туура уюштуруу, мээримдүү мамиле жасоо, акылдуулук менен эрк берип, ыгы менен эркелетүү, үй-бүлөдөгү ынтымак баланын психикалык, акыл-эс, физикалык жактан туура өсүп, чоңоюшуна шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8