Баланын чачын алуу

Википедия дан

Баланын чачын алуу. Жаңы төрөлгөн баланын чачы «карын чачы» деп аталат. Ал чач бала 6-7 айлык болгондо же бир жашка чыкканда алынат. 40 күндөн кийин алгандар да болгон. Биринчи жолу баланын чачын жакын туугандарынан же таякелеринен аксакал киши ырымдап алат. Чач алган киши балага кой, тай же торпок энчилеген. Өз кезегинде баланын ата-энеси ага да белек беришкен. Чач алдыруу үчүн баланы чач ала турган кишинин үйүнө алып келишкен. Карын чачын толук алат же бир аз алып, калганын үйгө келгенде биротоло алып салышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]