Баланын өнүгүү күндөлүгү

Википедия дан

Баланын өнүгүү күндөлүгү – баланын психикалык жана дене-бой жактан өсүп–өнүгүшүн күндөлүк турмушта байкоо аркылуу топтолгон материалдарды такай жазуучу дептер.

Күндөлүк дептер үй бүлөдө ата-энелер, ал эми балдар бакчаларында тарбиячылар тарабынан толтурулат. Чогултулган материалдардын негизинде тарбиячы, ата-эне баланын өсүп-өнүгүшүн шарттоочу жана текшерүүчү педагогикалык ыкмаларды тандап алышат.

Баланын өнүгүү күндөлүгү мектепке баруучу балага мүнөздөмө түзгөнгө орчундуу негиз болот. Баланын өсүп-өнүгүшүн күндөлүктөгү жазуулар аркылуу байкоо, жыйынтыктоо биринчи жолу Тэн (1876) жана Дарвин (1877) аркылуу ишке ашырылган. Азыркы күндө Баланын өнүгүү күндөлүгү ата-энелер, тарбиячылар, илим изилдөөчү педагог, дарыгерлер тарабынан жүргүзүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,