Баланы алмаштыруу

Википедия дан

Баланы алмаштырууүй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы жасалган кылмыш. Пайда көрүү же бөлөк жаман ой-максаттар менен жасалган алмаштыруу гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине жатат. Кылмыш-жаза мыйзамы боюнча баланы алмаштыруу – бул, жаңы төрөлгөн наристени төрөт үйүндө же балдар үйүндө башкасы менен алмаштыруу, ошондой эле баланы энеси, башка туугандары же мыйзамдуу өкүлдөрү өз баласын таанууга жана алмаштырууну билүүгө мүмкүн болбогон жагдай. Бул баланы энеси биринчи жолу эмизгенге чейин, энеси каза болуп калган учурларда баланы атасына же башка мыйзамдуу өкүлүнө берген учурда ж. б. алмаштыруу болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]