Баланы бешикке бөлөө

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Баланы бешикке бөлөө жөрөлгөсү

Баланы бешикке салуу ырымы кыргыздарда кадимки чоң той менен коштолот. Ымыркайдын киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлуу. Салт боюнча бешикти төрөлгөн наристенин таенеси алып келет. Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик тою дешет.
Илгертен эле бешик тою берилүүчү күнү нан бышырылып, мал союлуп, айыл-апа, куда-сөөк, тууган-уруктар, тааныштар чыкырылган. Жентек делип сары май омурулуп, досторконго жер-жемиштер, боорсоктор, таттуулар төгүлгөн. Кур кол келбей белек- бечкектерин ала келишкен коноктор наристени алкашып, бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмөлөрдү чачышкан. Ошол салт бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Баланы бешикке көптү көрүп, көп жашаган, көп төрөгөн, дөөлөттүү байбичеге салдырышат. Эгер ымыркай кыз болсо – бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо – чүкө, камчы салынат. Оң-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан көтөрүп «бар бол», «оң бол» деп эңкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы бөлөөрдүн алдында алгач бешикке ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен бешиктин ичи-сыртын аласташат. Анан: «Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!»-деп алып барып жаткырышып, «Бешик апа, бек карма! Умай эне, уйку бер!» деп таңат. Бөлөп жаткан учурда ыйлаак болбосун деп оозуна боорсок тиштеп алат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп жети нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер алкап, баталарын беришет. Анан байбичелердин эң улуусу бешикти минип алып, камчылана теминет. «Ой, кайда жөнөдүң? Кайда барасың?»-деп сураганда: «Мекеге баратам»,-деп жооп берет.
Мына ушул бешикке салуу ырымы делет.

Алдей ыры[оңдоо | булагын оңдоо]

Наристе бешикке салынгандан баштап бешик ырлары ырдалат. Аны ар бир эне баласын уктатаарда бешикти терметип жатып ырдайт. Мындай ырлар мээримдин, сүйүүнүн мисалы.[оңдоо | булагын оңдоо]


Алдей бөбөк ыйлаба,
Энекеңди кыйнаба.
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу.
Элди жоодон коргогон,
Баатыр болор бекенсиң.
Эл таалайын ырдаган,
Акын болор бекенсиң.
Алдей-алдей ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк.
Айланайын көзүңдөн,
Атасына нак балам.
Айланайын чырагым,
Колго бүткөн курагым.
Жакадагы кундузум,
Асмандагы жылдызым.

Бешик

Бешикке байланыштуу ырым-жырымдар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Баланы бешикке бөлөгөндөн кийин тынч уктасын деп бешиктин үстүнө тогуз уйкучу адамдын кийимин жаап коюшат.
  • 'Бөбөктү бешикке бөлөп жаткан учурда үйгө кирип келген адам баланын бутун таңып бүтмөйүнчө чыкпай туруш керек. Болбосо уйкусун кошо алып кетет деп коюшат
  • Бешикти куру терметсе балалуу болбой калат деген ишеним бар.
  • Бешикти бут менен тээп жылдырганга, үстүнөн аттап өткөнгө болбойт. Ошондон улам баланы бөлөөрдө бөбөктүн өзүн да бешиктин үстүнөн алып беришпейт.
  • Бешикти бир убакта эки адам эки башынан көтөрбөйт. Бул сөөк койгондо табытты эки башынан көтөрүп барганга окшоштурулуп, суук көрүнгөндөн улам пайда болсо керек.
  • Бешикти экөөлөп терметкенге да уруксат берилбейт.
  • Бала бөлөнгөн бешикти сыртка алып чыга турган болсо, биринчи аяк жагын чыгарат.
  • Бешик сатып алып жатып соодалашпай, сураган акчасын берип алыш керек.