Бала-Чычкан андалузит кени

Википедия дан

Бала-Чычкан андалузит кени Талас районунда, Бала-Чычкан суусунун башатында, Мерке т. ж. бекетинен 64–69 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте. 1947-ж. табылган. Андалузиттүү тектин жер үстүнө чыккан тилкесинин жалпы узундугу 123 км. Алардагы андалузиттин орточо өлчөмү 40% жетет. Сапатты изилденген эмес. Болжол ресурсу 10 м тереңдикке чейин 600 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]