Бала-Чычкан темир кени

Википедия дан

Бала-Чычкан темир кени Талас районунда, Талас тоосунун этегинде, Бала-Чычкан суусунун сол капталында, деңиз деңгээлинен 2000–3000 м бийиктикте. 1967-ж. ачылган. Изилденген эмес. Кен аймагы протерозой мезгилинин акиташ, филлит, сланец катмарлары, ордовик мезгилинин гранит, пироксенит, габбро тектери түзөт. Пироксениттин калыңдыгы 100–150 м, аянты 2 км2 болгон тулкусунда титан-магнетит топтолгон (1–20%). Негизги минералдары: титан-магнетит, азыраак магнетит, ильменит, гематит. Руданын болжол ресурсу 6702 млн m. Рудадагы Fe2O3–16,42%, TiO2–3,54%, V2O5–0.06%, СО–0,05% . Алардын болжол запасы: Fe2O3–1100,7 млн m, TiO2–237,2 млн m, V2O5–4,02 млн m, СО– 3,35 млн m.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]