Балгарт тоосу

Википедия дан

БАЛГАРТ ТООСУ Тескей Ала - Тоодо, түндүгүнөн Үч эмчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөндөрү менен чектешет. Жергиликтүү эл «Төнөктоо» деп да атайт. Узундугу 45 км, туурасы 8–10 км, орточо бийиктиги 4000 м. Генезистик тиби – горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз менен жылмаланган тайпак чокулар бар. Батышка карай бийиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу жана мөңгүлүү, майда суулар менен тилмеленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Балгарт тоосуна альп шалбаасы, субнивалдык жана нивалдык ландшафттар мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]