Балдак (медицина)

Википедия дан

Балдак — бут же омуртка ооруларында же кокустатып алганда басууну жеңилдетүүчү таяк. Балдак оорулуу буттан (же омурткадан) күчтү колго өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Балдактын колтукка таянычтуу жана кол менен кармап карууга таянуучу эки түрү болот. Биринчиси ажыратма конструкцияда болуп, оорулуунун боюна жараша өзгөртүүгө болот. Мындай балдак катуу жыгачтан же металлдан жасалат. Ал эки фигуралуу таяктан туруп, колтукка жөлөй турган, сырты кийиз же тери менен капталган таянычы, орто жеринде бурама менен туурасынан бекиген кармоо үчүн туткасы бар.

Балдактын түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фигуралуу таягы төмөн жагынан таяныч таягына эки бурама менен бекийт. Балдактын бийиктигин таяныч таягын өйдө ылдый жылдырып тууралайт. Балдак өтө бийик же жапыз болбошу керек, өтө бийик Балдак колтуктун терисин жоорутуп, нервди жана кан тамырды бузат. Жапыз балдак менен басуу кыйын болуп, киши тез чарчайт. балдактын 2-түрү ажырабайт, кишинин боюна жараша металлдан жасалат. Анын кыймылдабаган сабы жана карууга такай турган чыканак такоосу булгаары менен капталган. Мындай балдак күчтүү кишилерге ыңгайлуу. Балдакты колдонуу ыкмаларын врач жана айыктыруучу физкультуранын инструктору тааныштырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8