Балдардын күндөлүк режими

Википедия дан

Балдардын күндөлүк режими - балдардын бир суткадагы оюнун, иш-аракетин, эс-алуусун туура уюштуруу. Күндөлүк режим алардын анатомиялык-физиологиялык жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Режим боюнча балдар уйкусу канганча (10-12 саат) уктоосу керек. 3-6 жаштагы балдардын эртең мененки тамактануудан кийинки убактысы сүрөт тартуу ж. б. менен өтөт. Мектеп окуучулары сабактарын окуудан, үй тапшырмаларын аткаруудан кийин мектептеги түрдүү ийримдерге катышат. Балдардын күндөлүк режиминде сабактан кийин 2-3 саат демалуу, таза абада болуу, уктоо убактысы да көрсөтүлөт. Мектеп окуучуларынын режиминде сабакка даярдануу, эсалуу, уктоо убактылары жаш өзгөчөлүктөрүнө, сабак өтүүнүн убактысына жараша түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4