Балдарды коргоонун эл аралык күнү

Википедия дан

Балдарды коргоонун эл аралык күнү - балдардын ден соолугун сактоо, согуш коркунучунан жана эксплуатациялоодон коргоо, демократиялык негизде таалим-тарбия жана билим берүүнү жүзөгө ашыруудагы жалпы дүйнөлүк коомчулуктун ой-пикирин жана аракетин багыттоо максатын көздөйт. Аялдардын эларалык демократиялык федерациясынын 2-конгрессинин чечимине ылайык 1949-ж. Москвада болуп өткөн сессиясында жыл сайын аны 1-июнда белгилөө кабыл алынган жана ал биринчи жолу 1950-ж. 51 мамлекетте өткөрүлгөн. Кийин дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө белгилене баштаган. Бүткүл дүйнөлүк демократиялык аялдар, жаштар, профсоюздар федерациялары ж. б. уюмдар балдардын укуктарын коргоо, кам көрүү, жашоо шарттарын жакшыртуу жана бакчаларды, мектептерди, дарылоо, эсалуу жайларын уюштуруу ж. б. суроо-талаптарды мамлекеттин, жеке менчик уюмдарынын кароосуна коюшат. Мамлекет жана коомчулуктун бардык уюмдары тарабынан 1-июнда балдар үчүн ар кандай көңүл ачуулар, конкурс-оюндар, кайрымдуулук акциялары уюштурулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4