Балдар бакчасынын участогу

Википедия дан

Балдар бакчасынын участогу – балдар менен сабак жана оюндарды уюштурууга ылайыктуу каражаттар менен жабдылып, атайы кыска кыркылган жашыл бак тилкеси менен бөлүнгөн аянт.

Ал оюн жана дене тарбиясын уюштуруучу аянтты, короо, гүлзар, жемиш багын жана чарбалык короону камтыйт. Жалпы аянты бир балага 40 м2 эсебинен түзүлөт. Аянтчаларда чоң курулуш каражаттары, кум сакталган тосмолор ж. б. кызыктуу оюндар үчүн шарттар болот. Бакчанын короосунда балдар менен сейилдөөнү, эмгек аракеттерин, оюн, жаратылыш кубулуштары менен тааныштыруу, байкоо жүүргүзүүнү тарбиячы программанын мазмунуна ылайык уюштурат.

Дене тарбиясы үчүн аянтчада балдар сыйгаланып түшүүчү секиче, жөрмөлөп чыгуучу шатычалар, секирүү үчүн тактай, тең салмактуулукту өркүндөтүүгө арналган дөңгөч, тактайчалар ж. б. болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,