Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби (Чаткал)

Википедия дан

Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби (Тообай Эрматов атындагы Каныш-Кыя айылында жайгашкан.

1986 - жылы уюшулган. Спорттун улуттук күрөш, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, волейбол боюнча секциялары иштейт.

1987-98-жылдары Т.Эрматов, 1998-99-жылдары А.Нармырзаев, 1999-2008-жылдарыТ.Осмонбеков, 2008-жылдан Сатимбай уулу Нурбек жетектеп келет. Учурда спорт мектебинде 16 машыктыруучу эмгектенет.

2011-жылы мектептин волейбол боюнча командасы окуучулар арасында республикалык мелдеште 1-орунду ээлеген. Мектептин тарбиялануучулары республикалык, облустук, райондук спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеп келишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6