Балдар киносу

Википедия дан

Балдар киносу - балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын тартылган фильм. Балдар киносуна көркөм жана мультипликациялык, хроникада«Кумдагы сепилдер» документ фильминен кадрдык даректүү, илимий-таануу фильмдери кирет. Адатта балдар киносунун негизин балдар адабияты түзөт. Мурда Балдар киносун тартуу үчүн атайын киностудиялар иштеген. Кыргызстанда балдар үчүн бир нече фильм тартылган. Алардын эң мыктыларынын сабына «Космонавттар көчөсү», «Кетирекей», «Атадан калган туяк», «Көзайнекчен» (1972, реж. А. Видугирис), «Айдагы жезкемпир» (А. Жакыпбековдун ушундай аталыштагы повести б-оюнча), «Ат жалын бек карма» (реж. Б. Карагулов) ж. б. көркөм тасмалары кирет. Д. Асанованын «Ленфильм» студиясында жараткан киночыгармаларынын («Мадырабаштар» ж. б.) да кандайдыр бир деңгээлде кыргыз улуттук киносуна тиешеси бар. Биринчи кыргыз мультфильми «Сандардын чатагы» (реж. С. Ишенов, 1977). Чет өлкөлүк балдар фильмдери, анын ичинде мультфильмдер кыргыз тилине которулган. Дүйнө жүзүндө Балдар киносуна бөтөнчө көңүл бөлүнөт. АКШда 1923-жылдан Уолт Дисней ачкан киностудияда балдар үчүн мультфильмдер тартылууда. Анын Микки Маус жөнүндөгү сериалдары белгилүү. Иңдистанда 1955-ж. Балдар киносунун коому уюштурулган. Балдар киносу Австралияда, Иракта, Венесуэлада, Бангладеште, Жаңы Зеландияда, Шри-Ланкада, Түркияда, Германияда, Чехия менен Словакияда ж. б. өлкөлөрдө жакшы өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4