Балдар кылмыштуулугу

Википедия дан

Балдар кылмыштуулугу балдардын коомго жат, коркунучтуу аракети. Ал начар тарбиялануудан, жумушсуздуктан, келечекке ишенбөөчүлүктөн, билим алуу кыйынчылыктарынан же кылмышкерлердин азгыруусунан улам пайда болот. Мындай кылмыштуулукка каршы мыйзамдар бар. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, белгилүү куракка келгичекти балдар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Балдар кылмышы жөнүндөгү арыз укук коргоо бөлүмдөрүнө берилет. Балдар кылмышы өспүрүм куракка чейинки кылмыштуулуктан айырмаланып, 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар жыйындысы катары каралат. Кылмыш жасаганда 18 жашка толбогондор жашы жетпегендер деп эсептелет. 16 жашка толгон балдарга жаза белгиленет же тарбиялык таасир берүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн. 14 жашынан тартып адамдар төмөндөгү кылмыштар: киши өлтүрүү, саламаттыкка атайылап оор же анча оор эмес залал келтирүү, адамды уурдоо, зордуктоо, сексуалдык зомбулук аракеттер, мал уурдоо, тоноо, каракчылык, башка бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө уурдоо, опузалап талап кылуу, автотранспорт каражатын укуксуз ээлеп алуу, өрттөө же башка жалпыга коркунучтуу ыкмада мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, терроризм, барымтага кармоо, оордотуучу жагдайлардагы зөөкүрдүк (хулиганчылык), вандализм, куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу, башкага берүү максатында банги каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, уурдоо, опузалап талап кылуу, транспорт каражаттарын, жол байланышын жараксыз абалга келтирүү кылмыштары боюнча жоопко тартылышат. Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жазанын айрым түрлөрү гана колдонулат.
К. Бодобаев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]