Балдар музыкасы

Википедия дан

Балдар музыкасы - балдардын кабылдоосуна жана аткаруучулук мүмкүнчүлүгүнө ылайыкталып жазылган музыкалык чыгарма. Балдар музыкасынын мыкты үлгүлөрү түзүлүшүнүн тактыгы, музыка тилинин көркөмдүгү, поэтикалык каражаттарынын жетимдүүлүгү жана мазмунунун таасирдүүлүгү менен айырмаланат. П. И. Чайковский, Р. Шуман, A. К. Лядов, Б. Барток, С. С. Прокофьев, К. Молдобасанов ж. б. композиторлор балдар музыка жанрында классикалык чыгармаларды жаратышкан. Балдар театрларында коюлган оюндарда, балдар кинофильмдеринде, радиокомпозицияларда балдар музыкасы маанилүү орунда. Кыргыздын «Бешик ыры», «Саркыра-турна» сыяктуу элдик ырлары менен катар А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Т. Эрматов, Ч. Жумаканов ж. б. композиторлордун балдар үчүн ырлары, түрдүү жанрдагы чыгармалары белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4