Балдар поликлиникасы

Википедия дан

Балдар эмканасы — 15 жашка чейинки балдарга, бардык окуучуларга, поликлиникада же үйдө медициналык жардам көрсөтүүчү дарылоо жана алдын алуу иштерди жүргүзүүчү мекеме. Өспүрүмдөргө. (15тен 18ге) медициналык байкоо чоң кишилердин поликлиникасында, өспүрүмдөр кабинетинде жүргүзүлөт. Балдар поликлиникасы демейде балдар же жалпы оорукананын составына кирет; анда атайын медициналык жардам берүүчү хирургия, көз, логопедия, ревматология жана башка кабинеттери, үйдө жардам берүү бөлүмү, сүт ашканасы, дени сак балдардын бөлүмү болот.

Балдар поликлиникасы өнөкөт оорулуу балдарды, жугушсуз оору менен кайталап ооругандарды, дени сак балдарды кабыл алат. Жугуштуу оору деп шектенгенди догдур үйдөн карап, керек болсо, балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жиберет. Балдарга дарылоо-профилактикалык жардам берүүнүн негизги методу — диспансерлөө. Ал төрөлгөндөн 3 жашка чейинки, андан кийин 6—7 жаштагы балдарга мектепке барар алдында, жогорку класстагы балдарга мектепти бүтөр алдында жүргүзүлөт. Балдар поликлиникасынын иши аймактык принципте (к. Поликлиника) түзүлүп, врач-педиатр менен медайым жүргүзөт. Аймактык врач-педиатр баланын ден соолугуна жана жашына жараша тамактануу режимин, багууну, алдын алуучу эмдөөлөрдү, дарылоону сунуш кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8