Балкан түрктөрү

Википедия дан

Балкан түрктөрү - Болгария, Македония, Греция, Румыния ж.б. жерлерде жашаган түрк тилдүү этностук топтор. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктелүүсүндө балкандык түрктөр огуз тилдеринин огуз-булгар бутагында сүйлөшөт. Бул этностук топтордун келип чыккан теги, жайгашуу ареалы, алардын таралуу алкагы бир мезгилди кучагына камтыбайт. Алардын бир бөлүгү 9-10-кк. Кара деңиз тараптан көчүп келген печенек, уз (аз), торк ж.б. түрк тилдүү уруулардын урпактары болсо, калган бөлүгү 16-к. Кичи Азиядан, Осмон жеңип алууларынын мезгилинде журт которуп келген уруулар болушат. Балкан жарым аралы Осмон империясынын курамына киргенден соң, түрк тилдүү уруулар Анадолу (Анатолия) түрктөрүнүн жана алардын тилинин, маданиятынын күчтүү таасири астында калган. Ошентсе да, балкандык түрктөрдүн тилдери гагауз тили менен бирге, өзүнүн айрым өзгөчөлүктөрүн сактап калган. Бул этностук топторду тилдик айрым өзгөчүлүктөрүнө карата төмөндөгүдөй бөлүүгө болот: болгар гагауздарынан башка, печенек, уз, түрктөрдүн урпактары; македондук гагауздар, сургучтар, гажалы. Экинчи топко Кичи Азиядан көчүп келгендер, түрктөшкөн гректер, болгарлар кирет. Алар юруктар (Султан Баязиттин тушунда 1398-1402-жж. көчүп келишкендер), Македонияда жашашат. Караманлылар - көбүн эсе түрктөшкөн гректер. Кызылбаштар (шииттер), тозлук түрктөрү же герловдуктар - болгар этнокомпонеттери бар түрктөр (Герлово жана Осмон базарда турушат) ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]