Балкарлар

Википедия дан

Балкарлар - Россия Федерациясынын Кабардин-Балкар Республиксынын түпкү калкы. Түрк тилинде сүйлөгөн эл. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө карачайлар менен бирге батыш хунну тобунун кыпчак бутагында сүйлөшөт. Калктын саны 70 миңден ашуун. Диний ишеними - мусулман-сунниттер. 2- дүйнөлүк согушта зомбулук менен депортацияга кабылган балкарлардын басымдуу бөлүгү Кыргызстан жана Казакстанда жашашат. Балкарлардын эл болуп калыптануусунда жергиликтүү алан (осетин), эң башкысы кыпчак уруулары негизги ролду ээлешкен. Көчмөн Мал чарбачылыгы (жылкы, уй, кой, эчки), тоо этектеринде дыйканчылык менен кесиптенишет. Балкарлардын материалдык жана Руханий маданиятынан кыргыздар менен байыркы этногенетикалык жалпылыктарын көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]