Баллиститтер
Көрүнүш
Баллиститтер — целлюлозанын ни-тратынан (коллоксилин) турган, суюк нитроэфирлер (нитроглицерин, диэтилен гликольдинитрат же алардын аралаш-масы) менен пластификацияланган түтүнсүз ок- дары. Б. курамына стабилизатор, күйүүнүн катализатору (кээ бир металлдар туздары же оксиддери) тех. кошумча зат, мис., вазелин кошулат. Ракеталык кургак отун катарында колдо-нулуучу Б. курамында күкүм түрүндөгү Аl же Мg болот. Сайлуу ок атма куралдары, ракета кыймылдаткычтары колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6