Балтагулова Сайракан

Википедия дан

Балтагулова Сайракан (21.11.1950-ж.т., Ала-Бука айылы) - коомдук ишмер.Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн (1972).

  • 1972-73-жылдары Ала-Бука районунун “Бирлик” совхозунда экономист, 75-жылд ары Ала-Бука райондук аткаруу комитетинде бөлүм башчы жана пландоо комиссиясынын төрагасы.
  • 1975-78-жылдары Ала-Бука райондук комсомол комитетинин 1-катчысы,
  • 1979-80-жылдары Тереккан чалгындоо партиясында экономист, партиялык уюмдун катчысы,
  • 1980-90-жылдары Чаткал районунун Терек-Сай шаарча кеңешинин төрагасы,
  • 1990-92-жылдары Сумсар “Тулпар” заводунда экономист,
  • 1992-96-жылдары Сумсар шаарчасындагы кийим тигүүчү “Арноо” менчик ишканасынын башчысы болуп иштеген.

Бүткүл Союздук Ленин комсомолунун жаштар союзунун Борбордук Комитетинин “Ардак грамотасы”, Кыргызстан Ленин комсомолунун жаштар союзунун Борбордук комитетинин 2 “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Чаткал, Ала-Бука райондук, Терек-Сай шаарчалык кеңештеринин бир нече жолку депутаты.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6