Балташев Абдували

Википедия дан

Балташев Абдували, Адан Палван (01.09.1951, Айгыр-Жал айылы - 2015, ошол эле жер) - өрөөндөгү белгилүү балбан.

1968-93-жылдары Каныш-Кыя совхозунда чабан, башкы чабан болуп эмгектенген. Жашынан райондун, облустун мелдештеринде кыргыздардын улак чабыш, эр оодарыш оюндарына катышып, облустун деңгээлинде «Адан Палбан» деген ат менен таанылган.

Өзүнүн алп күчү менен Кыргызстанга эле эмес, коңшу Өзбекстанга, Казакстанга белгилүү балбандардан болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6