Балхар керамикасы

Википедия дан

Балхар керамикасы – биздин заманга чейин III миң жылдыкта пайда болгон Түндүк Кавказдагы эң байыркы карапачылык кол өнөрчүлүгүнүн бири. Балхар – Дагестандагы Лаз айылы, көркөм керамиканын байыркы борбору. Уламыш б-ча карапачылык өнөрдүн пири Калькучи Балхар айылынын аялдарын кол станокто ошол жердин топурагынан керамика жасаганга үйрөткөн. Карапачылык менен шугулдануу бул жерде аялдардын иши болгон жана көпкө чейин эркектер бул ишке катышкан эмес. Азыркы Балхарда карапачылык техникасы көп деле өзгөргөн жок. Карапа жасоочу калып, ийлөөнүн жгуттук ыкмасы жана эски конструкциядагы мештерде бышыруу жана башкалар.

Балхар керамикасына – өзгөчө тектоникадагы жука капталдуу ар түрдүү идиштер, мүнөздүү өзгөчө­лүктөрү миң жылдардан бери калыптанган кенен, бышык, узун моюндуу, суу ташуучу «уршалар», жуунучу, май салуучу, эжигей туздоочу кумаралар, дан салуучу идиштер, табак, мискей, майда пластика кирет. карапанын түсү менен ак ангоб жазуучунун тор саймасынын айкалышы Б. к-нын мүнөздүү белгилеринен болуп эсептелет. Б. к. көп түстүүлүгү менен айырмаланат; ал кызгылтым-сары түстөн бозомтук кара түскө чейин болот. Орнаменттик мотивдердин байыркы семантикасы сакталган сыяктуу эле формалары менен композициялары да сакталып калган. Суу ташуучу идиштерде көбүнчө традициялык мотив «жашоо дарагы» колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]