Бал тарткыч

Википедия дан

Бал тарткыч - бал тартуучу курал. Аны чехословакиялык бал челекчи конструктор Груш 1865-ж. ойлоп чыгарган. Анын бир нече түрү бар. Бал тарткыч кашектүү, айланган барабандуу челектен жана кыймылга келтиргичтен турат. Бал челектин уячаларынын оозу ачык балдуу рамкалары кашекке орнотулат. Барабан айланганда челектин бооруна бал чачырап, түбүнө жыйылат да, чоргодон тышка агат. Демейде челегинин бийикт. 820 мм, диаметри 600 мм, идишине 30 л бал батат. Азыр электр менен кыймылга келтирилүүчү бал татркыч бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4