Банах мейкиндиги

Википедия дан

Банах мейкиндиги - норма киргизилген жана ошол нормага карата толук болгон вектордук мейкиндик. Польша математиги С. Банахтын ысмынан аталган. Немец математиги Д. Гиль- 5-100 берт, француз математиги М. Фреше, венгр математиги Ф. Рисстин функционалдык мейкиндикти изилдөөлөрү (1904-18) Банах мейкиндигинин пайда болушуна түрткү болгон. Ошолордо алгачкы жолу Банах мейкиндигинин негиздүү түшүнүктөрү изилденген. Алар: өтө жана начар жыйналуучулуктар, сызыктуу функционалдын жана сызыктуу оператордун компакттуулугу ж. б. Банах 1922-ж. бул мейкиндиктерди изилдеп, орчундуу илим жыйынтыктарга келген. Банах мейкиндигинин проблематикасы бир нече багыттардан биригип түзүлөт. Алар: бирдик сферанын геометриясы, камтылган мейкиндиктердин геометриясы, сызыктуу топология.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4