Бандаранаике Сиримаво

Википедия дан

Бандаранаике Сиримаво, Ратватте Диас (17. 4. 1916, Ратнапура 10. 10. 2000, Коломбо) Шри-Ланканын (1972-ж. чейин Цейлон) мамлекет жана саясий ишмери. Күйөөсү С. Бандаранаике өлтүрүлгөндөн кийин (1959) Эркиндик партиясын жетектеп калган. Бир нече жолу өлкөнүн премьер-министри (1960-65; 1970-77; 1994-2000) болгон. Бандаранаике мындай жогорку постту ээлеген дүйнөдөгү алгачкы аял болуп саналат. Тышкы саясатта тынчтыкта жанаша жашоо жана эч кандай саясий блокторго кошулбоо, Инди океан бассейнинде жайгашкан согуштук базаларды жоюу саясатын жүргүзгөн. Ички саясатта улуттук экономиканын мамлекеттик секторун өнүктүрүү, нефть өндүрүүчү чет элдик компанияларды жана жеке менчик плантацияларды улутташтырууну, будцизмге мамлекет дин статусун берүүнү колдогон. Анын тушунда Шри-Ланка Шериктештиктин курамындагы доминиондон демократтык социалдык буддалык республикага айланган. 1977-ж. шайлоодо анын партиясы жеңилип, 1980-ж. Бандаранаике парламенттен чыгарылып, жарандык укуктарынан ажыратылган. 1980-ж. аягында кайрадан саясий ишмердүүлүгүн улантып, 1994-ж. кызы Ч. Кумаратунгинин президент болуп шайланышы менен кайрадан премьер-министрликке дайындалган. 2000-ж. денсоолугуна байланыштуу отставкага кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4