Бандар-лог

Википедия дан
Бандар-лог жана Маугли. Жон Чарлз Доллман тарткан сүрөт.

Бандар-лог (кээде бандарлог жана бандерлог түрүндө да колдонулуп жүрөт) (хинди тилинде बन्दर-लोग, англисче Bandar-log) — британ жазуучусу Редйард Киплингдин “Жунгли китеби” чыгармасындагы жана ага негизделген советтик “Маугли” мултфилминдеги ойдон чыгарылган маймылдардын эли.

Киплингдин сүрөттөшүнчө, бандар-лог эли өз жолбашчысын шайлап, мыйзам чыгаруу үчүн дайыма топурап чогулушат, бирок күн сайын жыйынтыксыз таркап кетишет. Алардын эс тутуму экинчи күнгө чейин эч нерсени сактап кала албайт. Алардын макалы: “Бандар-лог азыр ойлогон нерсе тууралуу жунгли чытырманы кийинчерээк ойлонот”.

Бандар-логдун маймылдары Мауглини өздөрүнө окшоштуруп уурдап кетишет.

Терминдин башка түрдө колдонулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Bandar Log» — Марселде 1981-жылы түзүлгөн регби тобунун аталышы.
  • [2011|[2011-жылдын]] 15-декабрында Орусиянын премьер-министри Владимир Путин обого түз чыккан сыналгы берүүсү маалында оппозициячыл маанайдагы мекендештерин чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгында иштеп жатат деп айыптап, «бандерлогго» теңеди. Анын «Бери келгиле, бандерлогдор» деген сөз айкашын мисал келтирип айтканы өлкөдөгү оппозициянын жаалын чыгарды.

Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]