Банкроттук
Банкроттук - (итал. banco банк, rotto сынган), кудуретсиздик жөнөкөй түшүнүктө компаниянын же фирманын, жарандын карыз милдетмелерин төлөөгө зарыл каражаттарынын жоктугунан улам төлөөдөн баш тартышы. Юридикалык көз караштан алганда сот же арбитраж тарабынан карыздакор төлөөгө таптакыр кудуретсиз жана ошого байланыштуу карызын жабуу максатында экономикалык ишмердик жүргүзүүгө жөндөмсүз деп табылгандыгы банкроттук деп эсептелет. Банкрот болгон учурда карыздакордун мүлкүн сатуу же ошол ишкананын кызматкерлери мүлктү сатып алып, карызды жабуу бул абалдан чыгуунун жалгыз жолу болуп саналат. Экинчи вариантта ишкананын мүлкү ошол коллективдин менчиги болуп калат. Банкроттук тууралуу иш козгоого негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- 1) карыздакор өзүн экон. жактан кудуретсиз, башкача айтканда банкрот деп таануусу;
- 2) карыздакордун экономика кудуретсиздигинин себептеринин жана натыйжасынын негизинде сот тарабынан банкроттук тууралуу иш козголушу;
- 3) карыздакордун экономика кудуретсиздиги тууралуу соттун же арбитраждын чечиминен кийинки кредитордун. арызы.
Банкроттук тууралуу иш арыз же сот чечими түшкөн күндөн тартып козголду деп эсептелет. Сот чарбалык субъектти банкрот деп тапкандан кийин тиешелүү чечим чыгарат жана жоюу комиссиясын түзөт. Кыргызстанда 1997-жылдын 15-октябрында КРдин Жогорку Кеңеши кабыл алган «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» мыйзамдын негизинде иш жүргүзүлөт.
Жана үч жүз суммасында (LE үчүн) жана бир жарым (КЛ учун) - карызды төлөө үч айдан кеч эмес (алты ай стратегиялык ишканалар үчүн) өтүп кеткен болсо, каржы төлөөгө тема деп таануу жөнүндө сот иши козголушу мүмкүн эмес.[1]
Жазуулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4