Банк кредити

Википедия дан

Банк кредити банк тарабынан өзүнүн же тартылган акча каражаттарынын белгилүү бир үлүшүн убактылуу пайдаланууга берилиши. Материалдык баалуулуктарды курөөгө коюу менен же күрөөгө коюусуз деле, ошондой эле ссуда, векселдерди эсептөө, баалуу кагаздарды банктын сатып алуусу түрүндө берилет. Ссудалар мөөнөтү боюнча (узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү), тармактык структурасы боюнча (өнөржай, айыл чарба, транспорт ж. б. ишканаларына ссуда), максаттуу багытта (товар-материалдык баалуулуктарга, эсеп документтерине, айланма каражаттарды толтурууга) болуп бөлүнөт. Азыр кредиттин форфейтинг, факторинг ж. б. түрлөрү кеңири тараган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • *«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97      Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4