Бантустандаштыруу

Википедия дан

Бантустандаштыруу - Түштүк Африка Республикасында ишке ашырылып келген жасалма мамлекеттик түзүлүштөрдү - бантустандарды түзүү менен кара түстүү калкты ак түстүү калктан обочолоо саясаты. Термин бул аймакта жашаган банту деген негизги калктын аталышынан келип чыгат. 20-к. 60-ж. тартып, баары 10 Бантустан (Хоумленд) түзүлгөн. Бантустан системасы бирдиктүү мамлекетте тарыхый өнүгүү жолдорунун жана жашоо ыңгайынын түрдүүчө болгонуна байланыштуу ар түрдүү элдер жана расалар (ак түстүү жана кара түстүү элдер) чогуу жашай албайт деген апартеид (апртхэйд) доктринасына негизделет. 1970-ж. тартып, ТАР кара түстүү жергиликтүү калкы өз эркине карабастан хоумленддердин (бантустандардын) биринин жараны деп эсептелген. Ушундай шылтоо менен ТАР бүт негр калкы саясий укуктардан ажыратылган. Азыркы мезгилде төрт бантустан - Транскей, Ботсвана, Венда, Сискей - өз алдынча мамлекет болуп жарыяланган, бирок ТАРдан сырткары таанылган эмес. 20-к. 90-ж. апартеид саясаты дүйнөлүк коомчулуктун кысымы астында жоюлуп, баарына тең граждандык тең укуктар, шайлоо ж.б. демократиялык укуктар киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]