Банур Абдиева

Википедия дан
Банур Абдиева

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Банур Абдиева 1967-жылы 28-апрелде төрөлгөн. 1989-жылы Оренбург мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (КМУУнун) юридикалык факультетин аяктаган. Ишкер, “Абрикос” конок үйүнүн (“Apricot Guest House”) негиздөөчүсү.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1991-2003-жылдары Банур Абдиева Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология кафедрасында ага окутуучу болуп иштеген. 1993-жылы аталган университеттин Мектепке чейинки педагогика кафедрасынын башчысы болуп дайындалып, бул кызматта бир жыл иштеген. Андан кийин Каракол башкаруу институтунда Педагогика жана психология кафедрасын жетектеп, 1996-жылга чейин ушул жерде эмгектенген.

1999-2000-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) “Аялдардын лидерлиги” долбоорунда Скрантон университети (АКШ) менен биргеликте иштеген. Ушул эле маалдан тарта (1999-жылдан баштап) жана 8 жыл бою Банур Абдиева “Каунтерпарт Консорциумда”, “Каунтерпарт Кыргызстанда”, Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясында, Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинде, Банктык окуу борборунда тренер болуп иштеген. 2000-жылдан 2012-жылга чейин “Аялдардын колунан баары келет!” улуттук тармагынын мүчөсү болгон.

Узак убакыт бою “Лидер” коомдук бирикмесин жетектеген – 2000-жылдан 2014-жылга чейин анын төрайымы болгон. Ошондой эле 2003-жылдан баштап көп жылдар бою “Кумтөр” микрокредиттик агенттигинин башкармалыгынын төрайымы болгон Archived 2022-02-19 at the Wayback Machine.

Банур Абдиева бир жыл бою (2003-жылдан 2004-жылга чейин) Айылды инвестициялоо долбоорунун консультанты жана тренери болуп иштеген. 2003-жылдан кийинки үч жыл аралыгында Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясынын (ЖККБА) Директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

2006-жылдан тарта ЖККБАнын Каракол шаарындагы консультанты болуп иштеген. Андан соң жыл бою Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн башкы схемасынын алкагында “Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү” долбоорун жетектеген.

2004-2006-жылдары – Ысык-Көл форумунун мүчөсү, Жамааттарды өнүктүрүү форумунун жетекчиси. 2005-жылдан 2006-жылга чейин Банур Абдиева “ЖМКга мониторинг аркылуу аялдардын экономикалык, социалдык жана маданий укуктарына мониторинг жүргүзүү” долбоорунда илимий ишмердүүлүк менен алектенген. Кийинки эки жыл ичинде 2008-жылга чейин J-CEPтин “Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү жамааттарды активдештирүү” долбоорунун координатору болгон.

2006-жылдан тарта “Аялдардын колунан баары келет!” улуттук тармагынын аймактык маалыматтык-укуктук ресурстук борборунун жетекчиси болуп иштеген.

2008-жылдан азыркы күнгө чейин Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери альянсынын мүчөсү жана анын Ысык-Көл облусу боюнча координатору болуп эмгектенип келүүдө.

Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелеринин альянсы // https://awli.kg/chleny-azhzi/ 

2010-жылдан бери Банур Абдиева Кыргызстандын тынчтыкты сактоочу аялдар ассоциациясынын мүчөсү, Ысык-Көл облусу боюнча координатору. 2010-2014-жылдары БУУӨПтүн эксперти болгон (Тынчтык жана өнүгүү программасы, Демократиялык башкаруу программасы).

2012-жылы Банур Абдиева “Абрикос” конок үйүн (“Apricot Guest House”) негиздеп, ушул күнгө чейин бул жерде административдик менеджер болуп иштейт. Ошол эле учурда кесиптик ишмердигин да жигердүү жүргүзүүдө.

2013-жылдан 2015-жылга чейин Германиянын Эл аралык Кызматташтык коомунда (GIZ), “CEEBA” коомдук фондунда Энергияны үнөмдөөчү технологиялар жана курулуш усталар ассоциациясы үчүн бизнестин туруктуулугу жана уюштуруучулук өнүгүү боюнча консультант-тренер болуп иштеген.

2014-2015-жылдары “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду өткөргөн “Мекендештер” форумунун координатору болгон.

2015-2017-жылдар аралыгында GIZ, INTRACT, FACT “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун облустук координатору болгон. Ошол эле мезгилде GIZ Fund for Development Projects in Cooperation with Civil Society долбоорунун эксперти/консультант болуп иштеген.

2016-2018-жылдары Миграция боюнча эл аралык уюмдун “Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык базаны бекемдөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүү” долбоорунун облустук координатору болуп иштеген.

“Абрикос” конок үйү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Банур Абдиева бизнесин Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде негиздеген. Ишкер апасынын сунушу менен көлдүн жээгинде “Абрикос” деген аталышы жылуу конок үйүн ачкан. Айылдагы бул үйдө 10 жылдын ичинде меймандос үй-бүлөнүн сыйын дүйнөнүн 54дөн ашык өлкөсүнөн келген туристтер көрүп кетишкен! 12 Stories of Successful Women-Entrepreneurs in Kyrgyzstan // https://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/en/home/presscenter/articles/2019/12/12-stories-of-successful-women-entrepreneurs-in-kyrgyzstan.html

https://www.youtube.com/watch?v=o-Ocy5Ogrp4

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылы билим берүүнү, маданиятты жана тынчтыкты илгерилеткени үчүн Сока университетинин (Жапония, Токио) Аялдар колледжинин жогорку ардактуу сыйлыгын алган.

2007-жылы – “Лидер” Жарандык демилгелер борбору” Коомдук бирикмесинин Ысык-Көл облусу боюнча билим берүү программасын ийгиликтүү ишке ашырганы үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги”

2007-жылы калкты социалдык жактан коргоого кошкон салымы үчүн “Даңк” медалын алган.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2000-жылы – калкты социалдык жактан коргоо тармагына кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.

Жеке турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үч баланын энеси

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.leadership.kg/index.php/ru/o-nas/39-novosti-2020/303-trener-banur-abdievna.html Archived 2022-02-19 at the Wayback Machine

https://kyrgyzstan.un.org/ru/35937-banur-abdieva-osnovatelnica-gostevogo-doma-abrikos-istorii-predprinimatelnic-iz-kyrgyzstana 

https://ru.sputnik.kg/spravka/20200913/1049690925/banur-abdieva-biografiya-spravka.html