Бапаев, Халил

Википедия дан

Бапаев, Халил (1930-1999) - сынчы, адабиятчы. 1930-жылдын 27-июлунда Кара-Суу районундагы Алим-Төбө айылында туулган. 1945-жылы ошол айылда жети жылдык мектепти, 1948-жылы Ош шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1953-жылы КМУнун филология факультетин, 1962-жылы КМУнун аспирантурасын бүтүргөн. Филология илимдеринин кандидаты (1963-ж.).

Эмгек жолун 1953-жылы Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы педагогикалык окуу жайында мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1954-жылдан Алай районундагы И.М.Свердлов атындагы орто мектептин директору, 1962-жылдан КМУнун кыргыз адабияты кафедрасында улук окутуучу, 1966-1980-жж. КРнын ИАсынын Тил жана адабият институтунда улук илимий кызматкер, 1982–1985-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы болгон.

1960-жылдан чыгармалары жарыялана баштаган. Х.Бапаев бир катар монографиялардын, адабий-сын макалалар жыйнактарынын, адабий эмгектердин жана кыргыз совет адабиятындагы сатира жанрын өнүктүрүүгө тиешелүү изилдөөлөрдүн автору болуп эсептелет.

1982-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз сатирасы. - Ф.: Мектеп, 1967. - 88 б.

Кыргыз сатирасынын табияты. - Ф.: Кыргызстан, 1971. - 144 б.

Тамсил сыры. - Ф.: Мектеп, 1974. - 122 б.

Кыргыз-казак, кыргыз-өзбек адабий байланыштары. - Ф.: Илим, 1975. - 159 б.

Кыргыз сатирасынын айрым маселелери: Адабий-сын макалалар. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 132 б.

Тынчтык үчүн күрөш жана анын кыргыз совет адабиятында чагылдырылышы. - Ф.: Кыргызстан, 1985. - 12 б.

Чыйрак бала: Повесть жана аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1988. - 112 б.

Көңүл дабасы. - Б.: Адабият, 1992. - 160 б.

Тамсил сыры. - Ф.: Мектеп, 1994. - 122 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]